ЖККУнун Бишкектеги Саммитин 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналисттер чагылдырууда

ЖККУнун Бишкектеги Саммитин 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналисттер чагылдырууда

Бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгынын алдында Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат.  Аны 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналисттер чагылдырышууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Иш-чараны чагылдыруу үчүн 135 чет өлкөлүк журналисттер аккредитациядан өтүштү, алар Орусиянын, Беларустун, Армениянын, Казакстандын жана Тажикстандын 43 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болуп саналат. Ал эми 130 жергиликтүү журналисттер жалпысынан Кыргызстандын 34 жалпыга маалымдоо каражаттарынан келишкен.

ЖМКлар өкүлдөрү үчүн басма сөз борбору уюштурулган.

Саммиттин жүрүшү  Коомдук телерадиокоропрациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалы аркылуу түз эфирден чагылдырылууда.

Белгилей кетсек, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикистан президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>