Site icon Reporter.kg

ЖККУнун Кыргызстандагы машыгуусуна Тажикстан катышпайт

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Кыргызстанда өтө турган «Рубеж-2021» аскердик машыгуусуна Тажикстандын өкүлдөрү катышпайт.

Бул тууралуу 6-сентябрда Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев депутат Анвар Артыковдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын себеби айтылган жок. Кирешеев кыргызстандык аскерлер жакын арада Тажикстанда өтө турган кезектеги машыгууга бара турганын кошумчалады.

Комитет жыйынында депутаттар ЖККУнун ролу, уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы чатак чыккан маалдагы орду, Коргоо министрлигинин аракети кандай болушу керек экенине кызыкты.

“Рубеж-2021” деп аталган аскердик машыгуу 7-9-сентябрда “Эдельвейс” полигонунда өтөт. Ага Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин армиясы катышат. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрүлүп жатат.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, качкындардын агымынан чочулап турат.

Exit mobile version