Site icon Reporter.kg

ЖКнын депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы Бахтияр Төлөнов эки айга камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы Бахтияр Төлөнов №1 тергөө абагына 9-мартка чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту бүгүн, 13-январда Төлөнөвдун баш коргоо чарасын карап чыгарды.

9-январда Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директору Бахтияр Төлөнов Бишкектеги кафелердин биринде 800 доллар пара алганга шектелип кармалган.

Exit mobile version