Site icon Reporter.kg

Президенттин тууганы делген Улан Жапаров 26-июлга чейин камалды

Коррупцияга шектелген Улан Жапаров 26-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, Ж.У.Р. (Жапаров Улан Ракымжанович) аттуу жарандын баш коргоо чарасы 3-июлда каралып, ал 26-июлга чейин камакка алынган. Шектүү №1 тергөө абагында камакта болот.

Буга чейин жергиликтүү ЖМК өздүк булактарына таянып президент Садыр Жапаровдун тууганынын уулу Улан Жапаров коррупцияга шектелип кармалганын билдирген.

Белгилүү болгондой, Улан Жапаров президент Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча шектелүүдө. Ишти ИИМдин Тергөө кызматы иликтөөдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version