Жо Байден беткап тагынбаганы үчүн Трапмты «жеткен акмак» деп атады

Жо Байден беткап тагынбаганы үчүн Трапмты «жеткен акмак» деп атады

Экс-вице-президент жана Демократтар партиясынан президенттикке талапкер Жо Байден АКШнын президенти Дональд Трампты корнавируска карата беткап  тагынбагандыгы үчүн «жеткен акмак» деп атады. Бул тууралуу ал СNN телеканалына берген интервьюсунда айткан.

“Ал акмак,  жеткен акмак, ушундай эле атоо керек. Президенттер мындай келесоолук менен алектенип, жалган эрктүүлүктү көргөзбөй өлкөнү башкаруу керек”,  – деп дүйнөдөгү алдыңкы дарыгерлер эл көп топтолгон жерлерде бет кап тагынууну сунуштап жатканын эске салган.

Буга чейин Трамп эч ким менен байланышта болбогондугун жүйө келтирип,  беткап тагуунун кажети жок экенин айтып, эч кандай коргонуу каражаттарын дагы колдонбогонун белгилеп өткөн.

Эске салсак, АКШ коронавирус илдетин катталгандыгы боюнча биринич сапта турат. Джонс Хопкинс университитетинин маалыматына караганда, аталган өлкөдө 1,68 млн ашык адам  вирусту жугузуп алган, алардын ичинен 100 миңдей адам  каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>