Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш эртең өзгөчө абалды узартууну карайт

30-апрелде Жогорку Кеңеш Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда жарыяланган өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу боюнча президенттин жарлыгын карайт. Бул тууралуу Парламенттин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу кабарлады.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кечээ, 28-апрелде кол койгон.

Буга чейин өзгөчө абал жарыяланган Нарын шаары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда 30-апрелден тартып өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Кийин анын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, мурдагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Ат-Башы району кошулган.

29-апрелге катара 729 адамга коронавирус жукканы маалым болду. Алардын ичинен 437 адам илдетти жеңип чыкса, 8 адам өмүр менен кош айтышкан.

Exit mobile version