Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш Исмаилованын социалдык өнүгүү министрлигине талапкерлигин колдогон жок

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Аида Исмаилованын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине талапкерлиги каралды. 

Депутаттар мурдагы вице-премьер-министрге суроолорду жаадырып, мурдагы ишинде каталарды көп кетиргенин айтып, сынга алышты.
Анын жыйынтыгында Аида Исмаилованы колдоп, 34 гана депутат добуш берип, талапкерлиги өтпөй калды.

Аида Исмаилова 2015-жылы «Республика — Ата — Журт» фракциясынан депутат болуп келген. 2020-жылы 1-апрелден бери вице-премьер-министр болуп иштеп келе жаткан.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Садыр Жапаров тарабынан Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине талапкер катары сунушталган болчу.

Exit mobile version