Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 2021-жылдын май айында өтүшү мүмкүн

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо май айында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Reporter.kg`ге өздүк булактар кабарлап, учурда токтом долбоору парламенттин кароосуна жиберүү алдында турганын айтты.

Маалымат булагыбыз кошумчалагандай, токтом долбоордо ушул жылдын декабрь айында мамлекеттик башкаруу ыкмасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү дагы камтылган.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

21-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, айрым депутаттар тарабынан референдум өткөрүү маселеси көтөрүлгөн. Бирок кээ бир эл өкүлдөрү учурда референдум өткөрүүгө укуктук негиз жок экенин айтышкан.

Ушул эле күнү парламент депутаттары тарабынан депутат Алтынбек Сулайманов демилгелеген шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапкан.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүдө №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн 5 миллон сомдон бир миллион сомго азайтуу сунуштары камтылган.

 

Exit mobile version