Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатын тапшыруу үчүн БШКга арыз жазды

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов жана Жаныбек Исаев мандаттарын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазышты. Маалыматты «Репортерго» Алмазбек Эргешов өзү тастыктады.

Эргешовдун айтымында, ал мандат тапшыруу тууралуу арызды бүгүн, 13-майда ал эми кесиптеши 12-майда, жазган.

«Өкмөттүн отчётун уктук, сунуштарды бердик, эми күздө болот турчу шайлоого карата элге жакын болуп даярданалык деп чечтик», — деди Эргешов.

Аталган партиянын тизмеси боюнча Эргешов менен Исаевдин ордуна Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев  келиши мүмкүн.

Exit mobile version