Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны кворум жок башталбай жатат

Бүгүн, 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтмөк. Саат 16:00гө белгиленген отурум арадан бир жарым саат өтсө деле башталбай жатат. Анын себебин Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Мыктыбек Абдылдаев кворум жоктугу менен түшүндүрдү.

““Өзгөчө абал боюнча президентин жарлыгын кароо үчүн депуттатар өздөрү 1 күндүн ичинде чогулуп талкулашы керек эле.  Бирок буга саясий конъюнктура жолтоо болуп жатат. Эгер жетиштүү сандагы депуттар келбесе анда жыйын отпөй калат”, — деди Абдылдаев. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында Өзгөчө абалды киргизүү тууралуу президенттин жарлыгын жана  жаңы өкмөттү дайындоо маселеси каралмак. 

Exit mobile version