Жогорку Кеңеш өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну колдоду

Жогорку Кеңеш өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары 15-апрелдеги парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абалдын убактысын 30-мартка чейин узартуу жана Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкты колдошту.

Белгилей кетсек, 25-мартта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна өзгөчө абал киргиилген эле.

14-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан эпидемиологиялык абалды эске алып, өзгөчө абалдын убактсын 30-апрелге чейин узарттуу тууралуу Жарлыкка кол коюп,  парламенттин кароосуна жөнөткөн.

Өзгөчө абал учурунда кечки саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейинки убакыт коменданттык саат деп белгиленген.

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев 15-апрелде парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып коменданттык сааттын убактысы 2 саатка кыскартылганын айтты.

Соңку маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча жалпы 449 адамга коронавирус жукту. Алардын ичинен 5 адам каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>