Жогорку Кеңеш 2020-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 2020-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынды.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана бюджеттик жүрүмдү натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккан. Сунушталган долбоордо 2020-2022-жылдарга бюджеттик тутумдун киреше базасын түзүү өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун базасында жүргүзүлгөн.

Ошентип, мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 27,5 пайыз деңгээлинде болжолдонот. 2019-жылдын бюджетине салыштырмалуу кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 7,8 пайызга же 13 мдрд 248 млн сомго көбөйөт.

2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 24,5 пайызына каралат. 2019-жылдын бекитилген бюджетине карата кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 11 млрд 948 млн сомго көбөйөт. 2021-2022-жылдар мезгилинде республикалык бюджеттин кирешелери 164 млрд 916 млн сомду жана 169 млрд 243 млн сомду түзөт.

Ал эми 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 953 млн сомду же ички дүң өнүмдүн 1,5 пайызы болот. 2020-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 9 млрд 953 млн сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралган: ички булактар боюнча 3 млрд 106 млн сом өлчөмүндө оң сальдо жана тышкы булактар боюнча 6 млрд 847 млн сом өлчөмүндө оң сальдо.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>