Жогорку Кеңеш айрым аймактарга өзгөчө абал киргизүү жарлыгын колдоду

Жогорку Кеңеш айрым аймактарга өзгөчө абал киргизүү жарлыгын колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары 24-марттагы парламенттин кезексиз жыйынында Кыргызстандын айрым аймактарына 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү Жарлыгын колдошту.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү тууралуу Жарлыктарга кол койгон. Мындан соң документ парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Өзгөчө абал учурунда кечки саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилет.

Бул убакта жарандардын жана унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.

Борбор каалаанын жана Өзгөчө абал режими киргизилген аймактардын меймандары бүгүн түнкү саат он экиге чейин аталган аймактардан чыгып кетүүсү керек.

Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан, банктардан жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объекттеринен сырткары, бүт баары жабык болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>