Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын отчётун колдоду

Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын отчётун колдоду

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында 2019-жылдагы Башкы прокуратуранын отчёту каралды.

Жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өткөн жылдагы аткарылган иштер боюнча баяндама жасап, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Депутаттар башпрокурорго коррупциялык иштерга байланыштуу Бишкек ЖЭБи, Тарых музейи, ат майданы жана “Акнет” компаниясы жана башкалар боюнча иш жыйынтыгы тууралуу суроо беришти.

Жыйынтыгында Башкы прокуратуранын отчёту депутаттар тарабынан колдоо тапты. Тактап айтканда, жыйында 115 депутат каттоодон өтүп, 113ү «макул» деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>