Жогорку Кеңеш башкы прокурордун отчётун канааттандырарлык деп тапты

Жогорку Кеңеш башкы прокурордун отчётун канааттандырарлык деп тапты

Бүгүн, 21-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар 2020-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурордун отчетун угушту.

Анын жыйынтыгында отчётту канааттандырарлык деп табышты.

Баяндаманы башкы прокурор Курманкул Зулушев жасады. Ал өз докладында Башкы прокуратура балдардын укугун коргоо, мыйзамдуулукту камсыздоо, коррупцияга кыршы күрөшүү, бизнести жана ишкерликти коргоо, зыяндарды төлөтүү, мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен  социалдык обьектилерди мамлекетке кайта кайтаруу чөйрөсүндө иш жүргүзгөнүн белгиледи. Ал  прокурордук реакция жасоонун 6 000ден  көбүрөөк актылары чыгарылганын белгилеп, прокуратура органдарын санариптештирүү боюнча көрүлгөн чаралар  жана онлайн-кабылдаманын ишинин жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Муну менен катар Башкы прокуратура 2021-жылы республикада мыйзамдар так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү күчөтөөрүн билдирди.

Жыйын “суроо-жооп” форматында өтүп, депутаттардын суроолоруна башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган бир катар жетекчилер жооп беришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>