Жогорку Кеңеш Исмаилова менен Абдикеримовдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш Исмаилова менен Абдикеримовдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын талапкерлигин, ал эми Саламаттык сактоо министрлик кызматка Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин колдошту. Каршы добуш берген депуттарттар болгон жок.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке келип, Исмаилова менен Абдикаримовдун талапкерлигин сунуш кылып, алардын кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары өздөрүн көрсөтө алганын билдирди.

Жыйынтыгында депутаттар өкмөт башчынын сунушун жактырып, жогорудагы адамдарды сунушталган кызматка талапкерлигин колдошту.

Аида Исмаилова Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты болчу. Сабиржан Абдикаримов болсо Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборун жетектеп келген.

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  бүгүн, 1-апрель күнү кызматтан алынышты. Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>