Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын угууну эртеңкиге жылдырды

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал эртең, 19-сентябрда каралары маалым болду.

Спикер Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселени эртеңкиге жылдырууну премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суранганын айтты. Анткени өкмөт башчы учурда тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди.

Exit mobile version