Жогорку Кеңеш мунапыс жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду

Жогорку Кеңеш мунапыс жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду

Жогорку Кеңеш Экинчи дүйнөлүк согуштун 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата түрмөдө отургандарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына чыкты.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Бакиров белгилегендей, мыйзам долбоору Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Элдик Апрель революциясынын каармандарынын урматына. Ошондой эле курман болгондордун элесине таазим кылуу максатында белгилүү бир категориядагы адамдарды жазыктык жазадан бошотууга жана жазасынын өтөлө элек бөлүгү кыскартууга багытталган.

Мыйзамдын долбоору менен төмөдөгү адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан бошотуу каралган:

– 60 жашка чыккан жана андан ашкан эркектерди, ошондой эле 55 жашка чыккан жана андан ашкан аялдарды;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды;

– жашы жете элек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды;

– анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды.

Ал эми жазаларды аткаруу мекемесинин өкүлү депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, азыркы тапта 9,5 миң эркиндигинен ажыратылган жарандын 237си биринчи берене боюнча мунапыс аларын маалымдаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>