Жогорку Кеңеш вице-пермьер-министрликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш вице-пермьер-министрликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңеш вице-пермьер-министрликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому кабыл алынды.

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырып, жакында мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өз каалоосу менен кызматынан бошотулганын, ошондон улам вице-премьерлердин иш-милдеттери өзгөрүп жатканын, ал эми укук коргоо органдарынын ишин тескөө милдети толугу менен өкмөт башчынын өзүндө каларын билдирди.

«Эсиңиздерде болсо керек, өткөндө вице-премьерлердин бирине толугу менен чек ара маселелерин тескөө милдетин жүктөө тууралуу сөз болгон. Акрам Мадумаров Баткен аймагында туулуп, узак жылдардан бери жооптуу кызматтарда иштеп келгендиктен, жердин шартын жана жергиликтүү элдин абалын, чек арага байланыштуу көйгөйлөрдү жакшы билет», — деп, анын талапкерлигин парламенттин көпчүлүк коалициясы да, тармактык комитет дагы колдогонун белгиледи.

Ал эми Акрам Мадумаров азыркы учурда чечиле турган чек ара маселелери өтө курчуп турганын, өзү дагы чек ара маселелери боюнча комиссияда иштегенин эске салды. Ошондой эле ал коңшу мамлекеттер ырааттуу иш алпарып, макулдашуулар аркылуу адегенде чек арадагы талаштуу жерлерди  делимитациялоо жана деморкациялоо жумуштарын толугу менен бүткөрүү зарылдыгын белгиледи. Ал бул багытта парламент, анын депутаттары менен тыгыз кызматташууга убада берди.

Акрам Мадумаров 1977-жылы Баткен облусунду туулган. Жогорку билимдүү: 1999-жылы Кыргыз агрардык университетин «ветеринария» адистиги, ал эми 2013-жылы Дипломатиялык академины «эл аралык мамилелер» адистиги боюнча бүтүргөн. Буга чейин мамлекеттик кызматтын бир топ тепкичтерин басып өткөн. Азыркы учурда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштейт.

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>