Жогорку Кеңеш Жээнбековдун отставкасын кабыл алды — видео

Жогорку Кеңеш Жээнбековдун отставкасын кабыл алды — видео

Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар Сооронбай Жээнбековдун отставкасы боюнча билдирүүсун укту. Жыйынга 76 депутат катышууда. Иш-чарага Жээнбеков өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялаган Садыр Жапаров менен кошо келип, үч жылда аткарган иштери тууралуу кыскача маалымат берди.

Ал ошондой эле «Мен үчүн өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы бардык кызмат ордунан бийик», — деп баса белгиледи.

Жээнбеков жаңы бийликке ийгилик каалады.

Жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев Жээнбековго экс-президенттин макамы толугу менен ыйгарылыш керектигин айтты.

Ал эми Садыр Жапаров бүгүн бир-эки сааттын ичинде элге кайрыларын билдирди.

Бүгүнкү жыйында күн тартибине кирген өзгөчө абал режими жокко чыгарылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>