Жогорку Кеңешке жаңы төрага болуп Талант Мамытов шайланды

Жогорку Кеңешке жаңы төрага болуп Талант Мамытов шайланды

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйында 100 депутаттын добушу менен Талант Мамытов парламенттин жаңы төрагасы болуп шайланды.

Эсептөө палатасынын төрагасы депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, 120 бюллетень  даярдалган. Добуш берүү үчүн 101 бюллетень берилип, урнаны ачканда баары түгөл чыккан. 100 депутат Талант Мамытовдун спикер болушуна “макул” деп , бир депутат каршы добуш берген.

Белгилей кетсек, мурдараак Канат Исаев президенттик шайлоого катыша турганын айтып, Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткенин билдирген.
Анын президенттикке талапкерлигин «Кыргызстан» партиясынын саясий кеңеши сунуштаганын Исаев өзү айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>