Жогорку Кеңеште өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу парламенттик угуу өттү

Жогорку Кеңеште өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу парламенттик угуу өттү

Жогорку Кеңештин тармактык комитети коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Талкууга бир катар коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, мыйзам долбооруна карата өз ойлорун билдиришти.

Парламенттик угуу өтүп жаткан маалда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү нааразычылык акцияга чыкты. Алар парламенттик талкууга  катыша албай калганына жана катышып жаткандардын басымдуу бөлүгү атайын тандалып алынганын айтып чыгышты.

Март айынын башында бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда 100 депутаттын добушу менен кабыл алынган.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюмдар  каржы маселелери тууралуу жыл сайын отчёт берип турууга милдеттүү болот. Эгерде отчёт бербесе жоопкерчиликке тартылары жазылган. Бул мыйзам долбоорго каршы болгон бир катар өкмөттүк эмес уюмдар нааразычылыгын билдирип, атайын кайрылуу таратышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>