Жогорку Кеңеш Баткен жана Жалал-Абад облустарында катталган табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу маселесин карайт.
Анда эл өкүлдөрү Баткен жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулат.
Белгилей кетсек, 2-май күнү Лейлек районундагы бир нече айылда жана Исфана шаарында сел жүргөн.
3-5 май күндөрү Жалал-Абад обулсунун Ала-Бука, Аксы, Ноокен жана Базар-Коргон райондорундагы айылдарда сел жүрүп турак үйлөрдү жана короо жайларды каптаган.