Жогорку Кеңеште Билим берүү министри Каныбек Исаков ант берди (видео)

Жогорку Кеңеште Билим берүү министри Каныбек Исаков ант берди (видео)

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берди.

Ант берүү аземине катышкан президент Сооронбай Жээнбеков жаңы министрге ийгиликтерди каалады.

[su_quote]Жаңы дайындалган министр ишти жөндөп алып кетүүсүнө ишеним билдирем. Бул тармакта көп сын пикирлер айтылып келди. Билим берүү тармагына каражат көбөйтүлүп берилип, 30 пайыз мугалимдердин айлык маянасы көбөйтүлүүдө. Каныбек Исаковдун бул тармакта тажрыйбасы мол. Бир адамга иштеп койбой, бардыгы үчүн иштеп берүүгө чакырам. Депутаттар сиздер татыктуу кадрды Исаковдун талапкерлигин колдоп бергениңерге ыраазычылык билдирем.[/su_quote]

Мындан сырткары ант берүү аземине премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү жана парламент депутаттары катышты.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 11-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигине Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>