Жогорку Кеңеште Кыргызстанда ажырашуулар кескин көбөйүп жатканы айтылды

Жогорку Кеңеште Кыргызстанда ажырашуулар кескин көбөйүп жатканы айтылды

Тилекке каршы республика аймагында ажырашуулардын саны көбөйүп жатат. Маалыматтарга ылайык, жыл сайын 10 миӊдеген ажырашуулар катталууда. Бул тууралуу маселени депутат Таабалды Тиллаев бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында көтөрдү.

Эл өкүлү ажырашуулардын кесепетинен балдар эле жабыркап жатканына токтолду. Анын айтымында, көптөгөн балдар, алардын көбү мигранттардын балдары турмуштун оор кырдаалдарына туш болууда.

«Мындай кырдаалда мамлекет тарабынан балдардын кызыкчылыктарын коргоо багытында тиешелүү иш-чараларды көрүлүүсү зарыл. 16-жашка келип калган өспүрүмдөр ата-энесинин тиешелүү арызынын жоктугунан паспорт ала албай келишет. Бул жагдайды чечүү керек»,- дейт депутат.

Мындан сырткары, эл өкүлү республика боюнча окнологиялык оорулар менен жүрөк-кан тамырлары оорулары өсүп жатканына аткаруу бийлигинин көӊүлүн бурду. Ал аталган оорулар боюнча өтө кымбат баадагы дары-дармектер сатылып жатканын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>