Жогорку Кеңеште президентке импичмент жарылоо керектигин айткан Карамушкина депутаттардын тепкисинде калды

Жогорку Кеңеште президентке импичмент жарылоо керектигин айткан Карамушкина депутаттардын тепкисинде калды

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити жана бажыдагы контрабанда маселесин талкулоо сунушун беришти. Мындан тышкары депутат Ирина Карамушкина Укук коргоо органдарынын отчетторун угуу сунушун берип, президенке импичмент жарыялоо маалы келгенин айтты.

Ирина Карамушкинанын билдирүүлөрүнө төмөндөгү эл өкүлдөрү жооп кайтарды.

Депутат Аалы Карашевдин айтуусунда, президентти 6 жылга, парламенттин депутаттары 5 жылга шайланды. Эми алардын иштөөсүнө шарт түзүп берүү керектигин жана импичмент деген сөздү абайлап колдонуу керектигин белгиледи.

Депутат Азамат Арапбаев Карамушкинага кайрылып: «импичмент жарыялоо менен сиз бир нече жылга кечигип калдыңыз. Себеби Финполдун мааламытына ылайык, өлкөдөн чыгарылган каражаттар 2012-жылдан баштап 2017-жылга чейин чыгарылган», — деген жооп кайтарды.

Депутат Алмазбек Токторов : «Ирина Юревна мен сизди көптөн бери тааныйм, сиз Атамбаевдин тарапташысыз. Эмне себептен уят жөнүндө сиз мурдагы президенттин учурунда айткан эмессиз. Сиз шефиңизди коргоп жатасыз. Сиздин социалдык тармактагы билдирүүңүз, Кой-Таштагы айткан сөздөрүңөр баары чагымчылдык. Уят болушу керек да» — деди ал.

Депутат Дастан Бекешев: «Өлкө башчыга импичмент жарыялоо маселеси парламенттин палатасында талкуулабашыбыз керек. Бул юридикалык жактан туура келбейт же төрага Дастан Артисбекович сизге кат түрүндө кайрылуу келип түштү беле?», — деп кайрылды төрага Дастанбек Жумабековго.

Ал эми депутат Жанар Акаев 700 миллион доллар кимдин тушунда чыгып кеткени баарына белгилүү экенин айтты.

«Атын аташыбыз керек. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда 700 миллион АКШ доллары Кыргызстандан 2017-жылга чейин чыкканын журналисттик иликтөөдө көрсөтүп жатат. Макул, Атамбаев Хабибулла менен чогу үйлөрдү курсун, анын самолётунда учсун. Ал өзүнчө маселе. Атамбаев азыр түрмөдө. Бирок азыр котрабанда токтоп калдыбы? Жогорку Кеңеш ушуга окшогон маселелерди демилгелеп, палатада талкуулабасак, демилге көчөгө чыгып жатат. Жүк ташуучу унаалар менен кирип жаткан контрабандалык иштерди «кан буугандай» токтотуу керек», — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>