Жогорку Кеңеште шайлоо босогосун 9%дан 7%га төмөндөтүү сунушталууда

Жогорку Кеңеште шайлоо босогосун 9%дан 7%га төмөндөтүү сунушталууда

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында шайлоо босогосун 9%дан 7%га төмөндөтүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар тобу.

Демилгечи депутаттардын бири Талант Мамытов мыйзам долбоору аркылуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 64-беренесинде каралган пайыздык босогону төмөндөтүү максатталганын белгиледи.

«Саясий партиялардын Жогорку Кеңешке өтүшү үчүн шайлоо босогосун 9%дан 7%га төмөндөтүү сунушталдууда»,- деди депутат Талант Мамытов.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров республикадагы парламентаризмди күчтөндүрүү максатында шайлоо босогосун төмөндөтүүгө болбой тургандыгын белгиледи. Мындан тышкары эл өкүлү Нурбек Тотонов да ар бир шайлоонун алдында шайлоо босогосун азайтуу туура эмес экендигин кошумчалады.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, демилгечи депутаттардын бири Талант Мамытов: » Шайлоо босогосунун 7 % болушу парламентке ар кандай партиялардын келишине жоп ачып, ойлордун көп түрдүүлүгүн камсыздайт», — деди.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорун колдосо, депутат Умбеталы Кыдыралиев учурга жараша шайлоо босогосун 7 %га төмөндөтүү өтө зарыл экендигине токтолду. Ушундай эле пикирди эл өкүлү Жыргалбек Турускулов да айтты.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>