Жогорку Кеңеште тышкы жана ички ишкерлерге багытталган мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеште тышкы жана ички ишкерлерге багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку кеңеште ири чет элдик капиталды жана эл аралык финансылык институттарды тартууга багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы талкууланып, 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министри Санжар Муканбетов мыйзам долбоорунун концепциясы менен тааныштырды.

Мыйзам долбоор ири чет элдик капиталды жана эл аралык финансылык институттарды тартуу үчүн экономиканы либералдаштыруу максатында иштелип чыккан. Сунушталган өзгөртүүлөр эл аралык соода үчүн аянтчаларды ачууга жана жергиликтүү ишкерлердин тышкы рынокторго чыгышы үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Долбоор аркылуу Салык кодекси 3 пайыз өлчөмүндөгү ставка боюнча Кыргызстандын аймагынан тышкары ишин жүзөгө ашыруудан пайдага, кирешеге салык салуу ченеми менен толуктоо сунушталууда.

Талкууда эл өкүлдөрү дүйнө жүзүндөгү экономикасы өнүгүп бара жаткан Сингапур, Бириккен Араб Эмираттары, Ганконг сыяктуу өлкөлөрдүн өнүгүү ыкмалары иликтенип, мыйзам долбоору сунушталып жаткандыгын такташты. Мындан тышкары ар кандай каржылык тобокелчиликтерди дагы эске алуу зарылдыгын баса белгилешти. Эл өкүлдөрүнүн бир тобу мыйзам долбоорун колдоого алышты. Алардын пикиринде, эл аралык деӊгээлдеги ондогон компаниялар эле Кыргызстанга кирип калса чоӊ жетишкендик болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>