Жогорку Кеңештин айлык маянага короткон чыгашасы 3,7 млн сомго көбөйдү

Жогорку Кеңештин айлык маянага короткон чыгашасы 3,7 млн сомго көбөйдү

Жогорку Кеңештин айлык маяналарга короткон чыгашасы 3,7 млн сомго көбөйдү. Май айындагы чыгымдар 39 млн 610,4 миң сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.

Каражаттардын басымдуу бөлүгү- 68,9 пайызы же 27 млн 313 миң сом айлык акы катары сарпталган.

Калган каражаттар төмөнкүдөй коротулган:

Салымдар/социалдык муктаждыктарга кеткен каражаттар- 5 млн 609.8 миң сом;

Кызматтарды жана товарларды колдонуу – 5 млн 278.5 миң сом;

Кызматтарды жана товарларды сатып алуу – 681.6 миң сом;

Коммуналдык кызматтар – 716.4 миң сом;

Социалдык камсыздандыруу боюнча пособиялар – 11 миң сом;

Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фонду – 3 млн 255 миң сом.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>