Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алуудан кийин алгачкы жыйынга чогулду

Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алуудан кийин алгачкы жыйынга чогулду

Жогорку Кеңеш депутаттарынын жайкы эс алуусу аяктады. 1-сентябрда кезектеги сессия расмий ачылды.

Ага 82 депутат каттоодон өттү. Эл өкүлдөрү 30-июнда каникулга кетишкен. Июль айында эс алышты. Ал эми августта шайлоочулар менен жеринен жолугуп, алардын көйгөйүн угуусу керек болчу.

Парламент өкүлдөрүнүн эс алуудан кайткан убагы кезектеги шайлоого даярдык кызып, көпчүлүк депутаттар мурда мүчө болгон партиясынан чыгып, экинчисине мүчө болгон учурга туш келди.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтү бир айдан соң аяктап, 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо болот. Азыркы депутаттардын көбү кийинки чакырылышка да ат салышарын жарыялашкан. Алар 4-сентябрдан тартып бир айлык үгүт менен алек болушат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>