Жогорку Кеңештин депутаты Босфорду сүзүп өттү

Жогорку Кеңештин депутаты Босфорду сүзүп өттү

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Европа менен Азияны бөлүп турган Босфор кысыгындагы эл аралык сүзүүгө катышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Түркиянын Стамбул шаарында жыл сайын өтүүчү континент аралык сүзүүгө 59 өлкөдөн 2400 адам катышкан. Аталган мелдешке Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 10 суучул барган.

Эл өкүлү Турусбеков мелдешке 55-60 жаш курак категориясында катышып, 85 катышуучунун ичинен 6,5 чакырымды 1 саат 6 мүнөттө сүзүп өтүп, тогузунчу болуп келген.

Белгилей кетсек, Бактыбек Турусбеков 2018 жылы Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен түштүк жээгине чейинки 14 чакырым аралыкты 5 саат 16 мүнөттө сүзүп өтүп экинчи келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>