Жогорку Кеңештин депутаты Малаховдун кыргыздарды мазактаганы боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Малаховдун кыргыздарды мазактаганы боюнча үн катты

“Россия 1” телеканалынын алып баруучусу Андрей Малаховдун миллиардер Александр Маруговдун уулунун өлүмүнө байланыштуу көрсөтүүсүндө, кыргыздарды кемсинткени боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева үн катты.

Эл өкүлү Твиттердеги баракчасы пост жазып, Малахов түз эфирде айткан сөздөрү менен бүткүл элди кыжырдантканын белгилеп өткөн.

“Малахов текебердигин көрсөтпөстөн ал жалпы элге аккарат келтирип, жалпы элди мазактады. Биз Орусияны стратегиялык өнөктөш катары карап, алардын тилин расмий тил катары таанып келсек, орус жаранынын сүйлөгөнү ушул. Шовинизм”, — деген ал.

Түшүндүрө кетсек, 24-сентябрда теле алып баруучуАндрей Малахов “Россия 1” телеканалынын түз эфириндеги  орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүүдө Исламбек Акбаровду  адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын улутчулдук маанайдагы сөздөр менен кемсинткен.

Көп өтпөй социалдык тармактын колдонуучулары “Россия 1” телеканалынан жана Малаховдон кыргыздарды мазактаганы үчүн кечирим суроону талап кылып, #maLOHov деген хештег менен флешмоб башташкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>