Жогорку Кеңештин депутаты Насыр Мусаев мандатын тапшырды. Ал бир жылдан ашык жыйынга келген эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Насыр Мусаев мандатын тапшырды. Ал бир жылдан ашык жыйынга келген эмес

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Насыр Мусаев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арызын жазды. Бул тууралуу  аталган фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Анын мандатын тапшыруу боюнча арызы эртең, 6-сентябрда БШКда каралат.

Насыр Мусаев 2018-жылы каза болгон депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келген. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу бир жылдан ашык жыйынга келген эмес. 2019-жылы “Кыргызстан” фракциясы аны мандатынан ажыратуу боюнча маселе көтөргөн.

«Кыргызстан» партиясынын тизмеси боюнча анын ордуна Бектен Сыдыгалиев келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>