Жогорку Кеңештин эки жаңы депутаты парламентте ант беришти

Жогорку Кеңештин эки жаңы депутаты парламентте ант беришти

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин мандат алган жаңы депутаттары Замирбек Эсенаманов менен Бейшеналы Нурдинов парламентте ант берип, кызматка киришти.

Эсенаманов «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Руслан Чойбековдун ордуна келди. Ал эми ушул эле фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков да кечээ, 9-июнда мандатын тапшырган, анын ордуна Бейшеналы Нурдинов депутат болду. 

Белгилей кетсек, аларга  Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ депутаттык мандат тапшырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>