Жогорку Кеңештин экс-спикери Мукар Чолпонбаев коронавирустан каза болду

Жогорку Кеңештин экс-спикери Мукар Чолпонбаев коронавирустан каза болду

Бүгүн, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан каза болду.

Коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу.

Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган, бүгүн 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан ал COVID-19 вирусунан каза тапты.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунан жалпы 15 адам көз жумду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>