Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны саат 16:00гө белгиленди

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны саат 16:00гө белгиленди

Жогорку Кеңештин жыйыны Бүгүн, 10-октябрда саат 16:00гө белгиленди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтуусунда парламенттин кезексиз жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Буга чейин бүгүн ЖК жыйыны болорун айтылып бирок кайсы жерде саат канчада экени белгисиз болуп жаткан.  Анда  президенттин Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгы каралары жана төраганын милдетин аткаруучу Мыктыбек Абдылдаевди бекитүү жана премьер-министрликке  көрсөтүлүп жаткан талапкерлер каралары айтылган эле.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>