Жогорку Кеңештин комитети Бахрейн жана Иорданияга элчи кызматына Самаргүл Адамкулованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин комитети Бахрейн жана Иорданияга элчи кызматына Самаргүл Адамкулованын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны болду. Жыйында Бахрейн жана Иордания өлкөлөрүнө элчилик кызматына Самаргүл Адамкулованын талапкерлигин каралып, эл өкүлдөрү анын талапкерлигин колдоду.

Учурда Самаргүл Адамкулова Кыргызстандын Кувейттеги элчиси. Ал бул кызматка 2018-жылы март айында дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>