Жогорку Кеңештин кызматкери тойканасын оорукана катары колдонууга берүүдө

Жогорку Кеңештин кызматкери тойканасын оорукана катары колдонууга берүүдө

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Базарбай Мусабеков чайханасын  COVID — 19 илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн госпиталь катары колдонууга бере тургандыгын билдирип, социалдык тармактагы баракчасына жазды.   

REPORTER.KG агенттигинин кабарчысы Мусаевдин өзү менен байланышканда, кыйын учурда элге жардам болсун деген максатта ушундай чечим кабыл алганын айтты. 

“Чайхана Алматинcкий көчөсү менен объездной жолдун кесилишинде жайгашкан. 300 адамга эсептелип салынган. Эл үчүн салынган тойкана эле, калк башына кыйынчылык келгенде госпиталь катары калк үчүн берейин деп атам”, — дейт Мусабеков. 

Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министрлигине чалып сүйлөшкөнүн, алар макул болгонун билдирди. 

Ошондой эле буга чейин   да бир имаратын COVID — 19 илдетине каршы күрөштө колдонуу үчүн бергенин да кабарлады.

[su_image_carousel source=»media: 33297,33296,33298″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>