Жогорку Кеңештин маалымат бөлүмү карантинде

Жогорку Кеңештин маалымат бөлүмү карантинде

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу Ибраим Нуракун уулу өзү Фейсбук баракчасына жазган.

Анын билдиришинче коронавирус жуктуруп алганы кечээ, 18-июнда аныкталган. Нуракун уулу reporter.kg сайтына учурда аны менен байланышта болгон кесиптештеринин бардыгынан тест алынганын, анын жыйынтыгы бүгүн кечинде чыга турганын айтты.

«Жогорку Кеңештин маалыматтык аппарат бөлүмү учурда дистанттык режимде иштеп жатабыз. Мени менен байланышта болгон кесиптештеримдин тестинин жыйынтыгына карап иш кылабыз. Эгерде алардын тестинин жыйынтыгы оң көрсөтсө, анда карантинге жабылышыбыз мүмкүн», — деди ал.

Ибрагим Нуракун уулу өткөн жумада депутаттар Каныбек Иманалиев менен Акылбек Жапаровдон интервью алганын айтып, алардан тест алынабы, жокпу? так билбей турганын билдирди.

«Мен ал эл өкүлдөрүнөн интервью алганда оорубай эле болчумун», — деди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>