Жогорку Кеңештин март айындагы чыгашасы 18 млн сомго көп болгон

Жогорку Кеңештин март айындагы чыгашасы 18 млн сомго көп болгон

Жогорку Кеңештин март айындагы чыгашасы 64 млн 4.3 миң сомду түзгөн. Бул маалыматты республиканын финансы министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, каражаттын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 48 млн 379.2 миң сом же 75.6 пайызы кызматкерлердин эмгек акысына жумшалган. 

Эмгек акы 48 379, 2
Товар алууга жана кызматтарга 10 980,9
Взнос/социалдык төлөмдөр  2371,9
ЖК төрагасынын Резервдик фондуна   2245,0
Коммуналдык кызматтарга   2064,09
Товар жана кызматтарга   207,3

Республикалык бюджеттин кассалык планына ылайык, Жогорку Кеңештин чыгашасы март айында 45 млн 410.7 миң сомду түзмөк. Бирок чыгашанын көлөмү коюлган пландан  18 млн 593.6 миң сомго көп болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>