Жогорку Кеңештин сайтын көзөмөлгө алган хаккерлер 10 миң доллар талап кылышууда — сүрөт

Жогорку Кеңештин сайтын көзөмөлгө алган хаккерлер 10 миң доллар талап кылышууда — сүрөт

Жогорку Кеңештин сайтын бузуп, көзөмөлгө алган хаккерлер 10 миң доллар талап кылышууда. Өздөрүн “The Black Pirate” аташкан хаккерлер аталгандай билдирүүнү ЖКнын сайтына жайгаштырышкан. 

Алар сайттагы баардык маалыматтар алардын көзөмөлүндө экенин, 10 миң доллар төлөшсө кайра кайтара тургандыгын сайтка жайгаштырышкан.

Ошондой эле парламенттин расмий почтасы аркылуу бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлашкан.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына байланышканыбызда алар учурда ушул маселенин тегерегинде сайтты кайтаруу боюнча иштеп жатышкандыгын айтышты. 

[su_image_carousel source=»media: 44906,44905″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Тэги: ЖК сайт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>