Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы “Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барарын билдирди

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков ушул жылы боло турган парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясы менен барарын Би-Би-Си радиосунун кыргыз кызматына берген интервьюсунда билдирди.

“Мен 2015-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынан шайланып, Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурам, менин партиям бүгүнкү күндө «Кыргызстан».  Келечекте Кудайым буюруп насип кылса «Кыргызстан» партиясы менен барам деп айткым келет”, — деген жообун узаткан.

Эске салсак, “Кыргызстан” саясий партиясы эң биринчилерден болуп 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоосуна катышаарын жар салышкан.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

Exit mobile version