ЖКнын тармактык комитети: Өкмөт өкүлдөрү депутаттар берген сунушту аткарбай жатышат

ЖКнын тармактык комитети: Өкмөт өкүлдөрү депутаттар берген сунушту аткарбай жатышат

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку  Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыныны өтүп жатат.  Анда Кыргызстан менен Европа өнүктүрүү банкынын ортосундагы  «Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Депутат Бахадыр Сулейманов өкмөт өкүлдөрүн сынга алды.

«Өкмөт Жогорку Кеңешке чийки эле мыйзам долбоорлорун алып келе бересиңер «кабыл алып бергиле» деп. Буга чейин канча ирет айтылган сындарды жана сунуштарды эске алып аткарбайсыңар. Грант болсо эле кабыл алып берүү керекпи? Грант болсо дагы мындай чийки жасалган иштер болсо кабыл албоо керек. Өкмөт Жогорку Кеңеш кабыл алып берет деп көнүп алышты», — деген нааразычылыгын билдирди Сулейманов.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Кокумбек Таштаналиев айтылган сунуштар менен сындарды туура кабыл алаарын айтып, жоопкерчиликтүү адистер өз жазасын аларын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>