Бүгүн, 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант беришти.
Алар, КСДП фракциясынан Самат Ибраев жана “Республика — Ата Журт” фракциясынан Айгерим Бешимбаева.
Эскерте кетсек, жакында эле мандатынан ажыратылган мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаевдин ордуна Самат Ибраев депутат болуп келди. Ал эми Айгерим Бешимбаева вице-премьерликке дайындалган Аида Исмаилованын оордуна депутат болду.