Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясына Замирбек Эсенаманов менен Бейшенаалы Нурдинов депутат болуп келди.
Аларга бүгүн, 9-июнда мандат тапшырылгандыгын Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Чойбеков 8-июнда мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшыруу тууралууу арыз жазган. Замирбек Эсенаманов анын оордуна депутат болду.
Ал эми «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков бүгүн, 9-июнда мандатын тапшырып жатканын “Репортерго” кабарлап, анын оордуна Бейшеналы Нурдинов депутат болорун айткан.