Жогорку Кеңештин жалпы чыгашасынын 80% депутаттардын айлык маянасы түзөт

Жогорку Кеңештин жалпы чыгашасынын 80% депутаттардын айлык маянасы түзөт

Өткөн жумада финансы министрлиги ведомстволук классификация аралык кассалык планды чыгарган. Документке ылайык, Жогорку Кеңештин октябрь айындагы чыгашасы 40 млн 614.2 миң сомду түзгөн. Анын ичинен эмгек акыга канча сумма бөлүнөрү белгисиз. Мурунку маалыматтарга караганда, эмгек акынын көлөмү Жогорку Кеңештин жалпы чыгашасынын 80% түзөт. Бул тууралуу «Акчабар» финансылык порталы жазды.

Кийинчерээк министрлик сайттан кассалык план тууралуу маалыматты өчүрүп койгон. Бул айрым депутаттардын демилгесинен улам болушу мүмкүн. Себеби, жакынкы күндөрү VII чакырылыш келгенге чейин депутаттар акысыз иштесин деген сунуштар айтылган. Бул сунушка айрым депутаттар макул болсо, айрымдары каршы чыгышкан.

Каршы чыккандардын бири эл өкүлү  Евгения Строкова.

«Маянадан баш тартуу үчүн депутаттын  кошумча бизнеси же киреше булактары болушу керек. Менин жалгыз киреше булагым – бул эмгек акы. Менде суроо, мен анда кайсы кирешеге жашайм?», — деди Строкова. 

Депутат Айнура Алтыбаеванын айтымында, парламент мүчөлөрүнүн базалык кирешеси 25 миң 500 сомду түзөт. Эгерде депутаттардын эмгек акысын кыскартса, бюджет 36,7 млн сомго же курска ылайык (80.74) жарым миллион долларга үнөмдөлөт. Эгерде бул акчанын баарын тышкы карызды жабууга жумшалса, анда 9000/1 бөлүгүн же 0.01% жаба алат.

2020-жылга карата бекитилген бюджетке ылайык, Жогорку Кеңешке 694.8 млн сом (8.6 млн $) бөлүнмөк. Бул 10% кыскаргандан кийинки көрсөткүч.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>