Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеӊеш Конституциялык палатанын судьяларын шайлады

Жогорку Кеӊеш жыйынында талапкерлиги Президент тарабынан сунушталган Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары шайланды.

Депутаттардын басымдуу добушу менен  7 жылдык мөөнөткө шайланган Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Борбукеева, Латип Жумабаев шайланышар менен Парламентте ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаңы шайланган Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал судьяларды кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги жана жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн таза, калыс, жигердүү кызмат өтөөгө чакырды.

Exit mobile version