Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш 22-июнда кандай мыйзам долбоорлорду кабыл алды?

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда:

— “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы).

Үчүнчү окууда:

— “2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 04.03.22деги № 110 токтом);

— “2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы);

— “2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы;

— “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 21.04.22деги кир. № 6-7515/22);

— “Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы).

Жогорку Кеңештин токтому:

— “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы).

 

Exit mobile version