Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш Эркин Чечейбаевдин саламаттык сактоо министри болушун колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары Эркин Чечейбаевди саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Чечейбаевдин талапкерлиги бүгүн, 5-февралда парламенттин жыйынында каралып, анын министр болушун 74 депутат колдоду. Каршы болгондор чыккан жок.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын сентябрынан бери Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп келе жаткан Алымкадыр Бейшеналиев 3-февралда кызматтан бошотулган. Анын ордуна Эркин Чечейбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Чечейбаев 2018-2020-жылдары саламаттык сактоо министринин орун басары болуп иштеген.

Кызматтан алынган Бейшеналиевдин ордуна министрдин милдетин аткаруучу дайындалды

Exit mobile version