Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш Казакстанга армия жөнөтүү чечимин колдоду

69 депутат “макул”- деп, 7 “каршы” – деп добуш берди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн телеграм каналында билдирди.

Анын айтуусунда, 3 саат боюу ар кандай талаш-тартыш жаралып, добуш берүү менен маселе чечилген.

Өздүк курамдан 150 аскер, 8 брондолгон техника, 11 автомобилдик техника жөнөтүлөт. Алар стратегиялык имараттарды кайтарат.

Exit mobile version